Кырчын жайлоосуна 2 миллион 300 миң сомго курулуп жаткан дааратканалардын сүрөттөрү жарыяланды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кырчын жайлоосуна III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан дааратканалардын сүрөттөрүн жарыялады.

Буга чейин дааратканаларды жасоо, орнотуу жана калган иштердин жалпы баасы 2 миллион 301 миң 700 сомго бааланганын кабарлашкан. Анда айтылгандай, 5 орундуу контейнер тибиндеги бир даараткананын баасы бардык чыгымдарды эсепке алганда 287 миң 718 сомду түзгөн. Мындай дааратканадан оюн өтүүчү жайлоого сегизи коюлат.

"Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да дааратканалар каралган. Мындан сырткары Кырчынга жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулат. Бул дааратканаларга 375 миң 600 сом сарпталат. Жыгачтан салынган дааратканалар атайын казылган чуңкурларга орнотулса, контейнер тибиндеги дааратканаларга суу түтүктөрү киргизилет", - деп айтылат агенттиктин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (80)
Dalil
2018-08-23 07:28:43
Кыскасы сөз жок. Уят эле ушуну кантип элге уялбай көрсөтүп жатасыңар? Мен анча акчага Европада көчөгө коюлган заманбап дааратканалардан болсо керек деп элестеткем. Бул базарлардагы жөнөкөй эле дааратканадан айырмасы жокко. Кеткен чыгымдары асманды чапчыйт.
+4
ruskarakol
2018-08-23 07:31:40
Колго мен деле жасап бермекмин жон эле понт да
+5
titanik32
2018-08-23 08:41:55
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
УЯТ эле эми бир дүйнөлүк чоң курулуш кургансып,завод же фабрика да куруп сүрөтүн чыгарып мактансаңар болот эле.Ушул туалет куруп ушунча жарыя кыласыңар,опшум уят да уялсаңар боло.Башыңар деңгээлиңер туалеттен чыкбай калды го.
+4
MegamozG_91
2018-08-23 09:14:49
Карыздан кутулбайсынарбы ар шылтоону айтып акча жебей
+5
Mambetali
2018-08-23 09:44:28
375мин сомго жакшынакай сонун 2 комнаталуу кухнясы менен временка салса болотго...
А булар бир даараткана салышат бетинер кызарбайткенда...
+4
Muratmipa
2018-08-23 10:10:17
Mambetali,мен 400мин сомго 3 комнаталуу эмес 6 комнаталуу уй тургуздум 80 % бутту кудайым буйурса
+3
deva
2018-08-23 09:53:55
Мурунку көчмөндөр оюна баргандар каршы пикир жазбаса керек деп ойлойм. Мен барып таза туалет таппай аябай кыйналгам, кокту-колот да алыс экен. Каршы чыккандар, көчмөндөр оюнуна баргыла да бул даратканаларга кирбей койгула. Менимче туура эле эсептелди го, контейнерди сатып алуу, жайлоого жеткирүү, уста акысы, суу киргизүү жана башкалар. Уста акысы азыр кымбат, бир мык кагып 200-300 сом алышат, карниз кактыргандар билет муну. Жол акысына да алышат. Эр болсоңор барып бекер иштеп бергиле сын айтпай
-3
tnz
2018-08-23 10:34:50
3 комнаталуу уй мене тоолеттин айырмасы жок главный туруп атат анын устуно бул жерге 3 комнаталуу 1 эле тоолет эмес андайдан канчоо туруп жатат эки карап коруп анан суйлош керек бул жерге септикги суусу баарын эске алыш керек эч кандай кымбат баада эмес ал жеткируу материалды ал жагын караш керек эп теп эле комент деп жаза бейбей.
-4
Muratmipa
2018-08-23 12:40:27
tnz,ошо бир туалеттин акчасы 300мин сом болуп жатпайбы
+2
Mers124
2018-08-23 11:50:05
Эли кредит алып уулун уйлонтуп атат. Мамлекет деле ошол денгээлден ашкан жок
+4
Daniel01
2018-08-23 12:50:17
Тешип чыкырлар
+2
Jasa
2018-08-23 13:32:45
ЖЕБ,андан кийин 1даанасы 9мин сомдук кочоттор,музейдеги миллиондон ары ат менен столдор,эми туалети деле миллион…
Только миллиондор суйлойт……билбейм онугорубузго козум жетбейт
+2
tnz
2018-08-23 14:11:43
тоолеттин талкуусу куч алдго я
-2
tnz
2018-08-23 14:15:55
суу тутукторун киргизсе андан да ашып тушт башта баарын эсептеп анан чыгарган да эмне ал жерде ойноп туруп эл жасап жатат дейсинерби жыйырма даараткананын акчаы жон эле барат мисалга ошол контейнерлердин акчасы озу эле бир милилонду чапчыйт. эми калгандарын эсептегиле да жон жай эле кыйкыра бербей
0
admin_media
2018-08-23 16:45:03
CEO1,Bazake, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Темадан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган, билдирүүлөр өчүрүлдү.
0
tnz
2018-08-23 17:16:30
Бул жерде жакшы туаелет экен ал акчага Атамбаев Кой Ташка бир эле туалет салдырган, мунун эч кандай тан каларлык жери жок.
-2
admin_media
2018-08-24 09:30:26
Alinur96kg, сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан