Кара-Кулжада ооруканага жаткырылган 12 адам күйдүргү оорусун жуктуруп алганы аныкталды

Кара-Кулжада ооруканага жаткырылган 12 адам күйдүргү оорусун жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Белгилүү болгондой, Кара-Кулжадагы Калматай жана Кызыл-Мазар айылдарынын 12 тургуну уйдун этин тамак-ашка колдонгондон кийин күйдүргү оорусун жуктуруп алды делген шек менен ооруканага жаткырылган.

"Лабораториялык изилдөөлөр аягына чыгып, 12 бейтап тең күйдүргү оорусун жуктуруп алганы белгилүү болду. Азыркы тапта бейтаптардын үчөө үйүнө чыгарылган, калганы дарылануусун улантууда. Уй союлган жерде аталган дарттын белгилери аныкталган", - деп билдирди Айгерчинова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан