Аравандагы мечиттен өрт чыгып, 2 киши каза болду

Бүгүн, 23-августта Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыккан. Окуя болгон жерге 2 өрт өчүрүүчү унаа саат 07:15те барып, саат 07:50дө чектөөгө алынган. Өрт болгон жерде 2 эркек адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси табылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-08-23 09:48:15
Кудай сактаа, жаман иш болуптур,тынчылык эле болсун!
+2
meni_kut
2018-08-23 10:08:13
Садака -орттон,сууга чоккондон,кырсыктын баардык турунон сактайт,садакадан байлыгын кемибейт,садака берууну унутпаныздар.Аллахым маркумдардын жайын жаннаттан кылсын.
0
CEO1
2018-08-23 10:17:58
meni_kut, демек мечитке садака бербегендер кирип намаз окуйт экен да ээ, мечит орттонуп, андагы 2 адам олгонун эске алсак. Ошондо тиги 2 адам садака бербей жургон демекчисинби?!!

Тушунугуно "бали", ушундай чала молдолордон алыс болгула эл-журт!!!
+3
patiydin
2018-08-23 10:21:25
Гулбардын кайсыл аймагында экен. Себеби айыл чон, Бир канча мечит бар.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан