"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Бишкекте жол кырсыгы катталып жатат деген Орозбеков-Щербаков көчөлөрүнө 2019-жылы жол чырак коюлушу мүмкүн"

Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына окурмандар кайрылып, Бишкектеги Орозбеков-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын жок экени жол кырсыктарына себеп болуп жаткандыгын билдиришкен.

Аталган маселе менен Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгына кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Маалыматта көрсөтүлгөн Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде 2018-жылы жол чырак орнотуу пландалган эмес. Жол чыракты орнотууну жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү мекемелер менен иш алып барып, жеринен абал менен тааныштык. Жол белгилерди жана жол чыракты орнотуу 2019-жылдын титулдук долбооруна киргизүү үчүн сунушталды", - дейт башкармалык.

Буга чейин тургундар: "Орозбеков-Васильев жана Орозбеков-Щербаков көчөлөрүнүн кесилиштеринде жол чырак жок. Мындан улам ал жакта жол кырсыктары көп катталат. Бүгүн да 2 унаа сүзүштү. Тийиштүү тараптар бул маселеге өз убагында көңүл бурбаса адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталбайт деп ким кепилдик бере алат?" - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2018-08-23 20:12:39
2019 жылга чейин канчалаган адамдар жапа чегишет башканы койуп ушундай проблемаларды чечишбейбилер
Кунуно кырсык болуп жатат
0
monster_high_98
2018-08-23 20:31:35
Шашпай эле койгулаа, беймарал!2040-жылкы коопсуз шаарга киргизип койсонор деле,силерге эчким каршы чыга албайт гоо
+3
Sagyn.91
2018-08-23 20:48:14
Каяктагы кочмондор оюнун коюп ушуга окшогон жумуштарды бутуруш керек эле.
Жакында жаны окуу жылы, мектептерди китеп, комп.жабдыктар мн камсыздап, ондоп тузоодон откоруш керек! Алыскы аймактарда мектептердин абалы начар, жаны мектептерди бутуруш керек эле, эхх, айта берсен койгойлор коп экен...
+2
anash
2018-08-24 00:07:00
2030 эле койгула биро толо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан