Токмок шаардык кеңешинин депутаты жаранды бычак менен сайганы боюнча Чүй ОИИББи жооп берди

Бүгүн, 28-августта Талантбек Жамангулов аттуу жаран "Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов мага бычак сайды" деп SUPER.KG порталына кайрылган.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG'ге кабарлагандай, бул боюнча 26-август күнү РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү ооруканадан билдирүү түшкөн. "Анда бир эркек киши ооруканага бычактан алган жаракаты менен түшкөнү айтылган. 26-август күнү саат 7:30-8:00 чамасында Токмок шаарынын мал базарында 36 жаштагы жаран Чүй районунун тургунуна бычак менен жаракат келтиргени тууралуу белгилүү болгон. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча биздин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жана Жаза кодексинин "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда жабырлануучу көрсөтмө бергенден жана арыз жазуудан баш тартууда. Жабырлануучунун айрым маалымат каражаттарына берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tunerbei1812
2018-08-28 16:36:02
КСДП дагы
0
Karakash
2018-08-28 16:56:54
эмнеге арыз жазуудан жана корсотмо беруудон баш тартат жабырлануучу коркпостон ачык так айтып берсин. Кылмыш кылганы анык болсо.
+1
faraon312
2018-08-29 21:15:35
Акча берип алдап койсо керек.. Өзү арызданып алып өзү баш тартып жатса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан