Кара-Кулжада күйдүргү оорусун жуктуруп алган тургундар ооруканадан чыгарылды. Алар дарыгердин көзөмөлүндө болот

Кара-Кулжа районунда күйдүргү оорусун жуктуруп алып райондук ооруканада жаткан тургундардын баары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен 29-августта кабарлашты.

Министрликтин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, алардын саламаттыгы эми үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

"15-августта Калматай жана Кызыл-Мазар айылынын 12 тургуну күйдүргү оорусунун белгилери менен ооруканага жаткырылган. Саламаттыгы жакшы болгондор ооруканадан чыгарылып, акыркы эки бейтап 25-августта чыгып кетти. Алар эми үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат", - деди Исмаилова.

12 бейтап тең күйдүргү оорусун уйдун этин тамак-ашка колдонгондон кийин жуктуруп алган. Уй союлган жерде аталган дарттын белгилери аныкталганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан