Эрдоган: "Доллардан экономикабыз көз каранды болбошу үчүн улуттук валютада соода жүргүзүүнү сунуштайм"

Режеп Тайып ЭрдоганТүркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди улуттук валюта менен кызматташууга чакырды. Ал мындай сунушун Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде айтты.

Ошондой эле Эрдоган ФЕТӨ уюму боюнча да кайрылуу жасап өттү. "Мен түрк тилдүү мамлекеттерге соода алакаларын улуттук валютада жүргүзүүсүн сунуштайм. Себеби доллардан экономикабыз көз каранды болбошу керек. Биз силер менен кызматташууну күчөтөбүз. Ошондой эле 2020-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярбыз. Бул демилгени ишке ашырып келгендиги үчүн Кыргыз өлкөсүнө ыраазычылык билдиребиз.

Биздин мамлекет экстремисттик ФЕТӨ уюму боюнча күрөштү улантат. ФЕТӨнү жок кылууга аракет кылат. Бул күрөштө колдоо көрсөткөнүңөр үчүн бардык түрк лидерлерине ыраазычылык билдирем", - деди
Эрдоган.

Учурда саммит Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2018-09-03 12:10:02
Келечекте ушул мамлекеттер ынтымактуу жашай алышабы? Жок!!! Ар кимдин оз кызыкчылыктары бар. Биз учун Россиядан отоор мамлекет жок. Казактар эртен эле чек араны жаап салышат, туркторун оз условиясын коюшат. Турктор билинбей начар эле калк болушат.
+4
pat12
2018-09-03 12:15:49
Доллардан отказ кыла алышпайт. Соке козунду кара. Эрдогандын созоруно ишенбе. Россияда жарым миллион кыргыз жашайт. Бизге орус тилдуу мамлекет менен кызматташуу керек. Туркторго подхалим болуп кереги жок. Убагында 500 млн карызды кечип, коп жардамын берип келе жатат
+5
Maratsher
2018-09-03 12:42:36
Азыркы заманда түрк тилдүү мамлекеттердин баардыгы Россия менен ынтымакта.
+1
pat12
2018-09-03 12:46:08
Maratsher,
Турк тилдуу мамлекеттер оз ара ынтымактуу бол алышабы? Мисалы казак кыргыз чек арасы, озбек кыргыз чек арасы. Эртен бизде дагы экинчи Тоолу Карабах болуп кетпейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан