Жогорку Кеңештин жыйынына Канат Исаев келди

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышына депутат Канат Исаев келди.

Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.

18-июлда Канат Исаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан кайтып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanat.tls
2018-09-04 16:27:30
Күндө сессияга келип жаткансып, өздөрүнө каникул ойлоп таап алышкан депутаттар мыкты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан