Бүгүн, 4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион жыйынтыкталды. Аукцион Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде өттү.
Комитет 1-торукта 1 миллиард 276 миллион 353 миң 120 сом баштапкы баа катары сунушталган. Аукциондун жыйынтыгында орусиялык "Концерн радиостроения "ВЕГА" ишканасы 1 миллиард 225 миллион 765 миң сом деп сунуштады. 2-торукта комитет 1 миллиард 276 миллион 353 миң 120 сомду баштапкы баа катары сунуштаса, 2-торукка жогорудагы компания 1 миллиард 195 миллион 575 миң сом сунуштады.
Аукционго жалпы 3 компания катышкан. Калган эки компаниянын сунуштаган суммасы жогорудагы компаниядан жогорку баа сунуштады.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн баштапкы баа 2,5 миллиард сом деп сунушталган. Көрсөтүлгөн каражаттан ким аз сумма сунуштаса, анын шарттары жакшы болсо, жеңүүчү ошол болот. Акыркы чечимди тендердик комиссия кийинки жумада чыгарат.
Аталган долбоор боюнча аукцион өткөн айда уюштурулуп, бирок техникалык себептерден улам жыйынтыкталбай калган.
"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.