Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алууда.
Оюн талаасында "А" тайпасынан Кыргыз курама командасы, "В" тайпасынан Москва курама командасы беттешип жатат. Учурда эсеп 10:2 болуп Кыргыз курамасы алдыда келе жатат.
16: 38. Биринчи таймдын тыныгуусу аягына чыгып, экинчи тайм башталды. Оюн башталары менен эсеп саны алмашты. Тактап айтканда, кыргыз улакчылары атаандаштарынын тай казанына бир улак таштап, эсепти 11ге айланта алышты. Кыргыз улакчылары дагы бир улак таштап эсеп 12:2 болду.
16:45. Көк бөрү беттеши кызуу жүрүүдө. Эсеп бат-баттан алмашып, учурда Сейитбек Анарбек уулу, Манас Ниязов, Аскат Аскаровдун ийгиликтүү улак ташташы менен эсеп 17:2ге айланды.
16:49. Москвалык оюнчулар Кыргыз курама командасынын тай казанына улак таштай албай жаткандыктан, кыргыз улакчы Таштемир Майлыбаев өз тай казанына улак салып коюу аракетин көрдү. Бирок анысы ишке ашкан жок.
16:50. Москва командасы чабуулду ийгиликтүү жыйынтыктап эсепти 17:3кө айлантышты. Көп убакыт өтпөй, Сейитбек Анарбек уулу Москва командасына жооп кайтарып эсепти 18:3кө айландырды.
16:55. Кыргыз улакчылары каршылык көрсөтпөй атаандаштарына улак таштоого мүмкүнчүлүк беришүүдө. Азырынча Москва командасы ал мүмкүнчүлүктү пайдалана элек.
16:56. Оюндун экинчи бөлүгү 19:3 эсеби менен аягына чыкты. 10 мүнөттүк тыныгуудан кийин беттеш уланат.
17:05. Кыргыз-Москва беттешинин үчүнчү бөлүгү башталды.
17:11. Эсеп 20:3кө айланды. 20-улакты Сейитбек Анарбек уулу таштады.
17:12. Бир мүнөт өтпөй кайрадан кыргыз улакчылары эсепти 21:3кө жеткире алышты.
17:15. Эсеп өзгөрдү. Кыргыз курамасынын команда капитаны Марлис Койгелдиев эсепти 22:3 кыла алды.
17:17. Рустам Тыналиев улакты атаандаштарына берип, эсеп санын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ал эми москвалык улакчылар бул мүмкүнчүлүктү экинчи аракетинен колдоно алды. Эсеп 22:4.
17:21. Уланбек Насыкеев улак менен, кыргыз улакчылар атаандашын айланып ойнотуп жатат. Ал эми майдандагы көрүүчүлөр улакты москвалык улакчыларга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып жатышат.
17:22. Кыргыз улакчылар элдин сурануусун аткарып москвалыктарга мүмкүнчүлүк берди. Москвадан келген улакчылар эсепти 22:4кө айлантты. Улактын ээси Айбек Турдукулов болду.
17:25. Ахилести минген Айбек Темирбаев эсепти өзгөрттү. Эсеп 23:5. Бул улак анын үчүнчү улагы болду.
17:27. Акыркы секундалар саналып баштады. Кыргыз улакчылар атаандашына дагы бир мүмкүнчүлүк берип оюндун аягында эсеп 23:6 болду. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн аягына чыкты.