Москвада үстүнө бетон түшүп каза болгон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жиберилди

Орусиянын Москва шаарындагы курулуш аянтында Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы А.О. аттуу Кыргыз жараны курулуш иштери жүрүп жаткан аянттан өтүп баратканда үстүнө бийиктиктен бетон плитасы түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен ал оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги тарабынан тийиштүү документтер даярдалып, каза болгон жигиттин сөөгү мекенине жиберилди. Маркумдун жансыз денеси кечээ, 7-сентябрда Ош шаарына жөнөтүлгөн.

Жумуш берүүчүлөр жана бетонду түшүрүп алган фирма тарабынан маркумдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилген. Аталган окуя боюнча Москва шаардык тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sagyn.91
2018-09-09 03:24:51
Эххх, тууганым, Аллахым бейишин берсин.
Абдан окунучтуу, бир туугандарын гул болгон жаны кул болдуго байкуш.

Жакындарына сабыр тилеймин.:(
+3
Janyjol.86
2018-09-09 08:25:40
А байкуш Бир тууганым бетон устуна тушкондо кандай акыбалда Болдун экен .ойлоп алып жаман болуп атам
+2
Jigitchem
2018-09-09 20:10:13
Janyjol.86,Байкуш тушунбой эле калса не болуп кеткенин
0
Altun76
2018-09-09 10:59:40
Жаткан жерин жайлуу бейиши менен болсун.
0
surgeon777
2018-09-09 13:01:20
Жапжаш жигит экен го,абдан окунучтуу окуя((((
Жаткан жери жайлуу болсун..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан