"Супараны" жалмаган өрт. Этнокомплекстин жаңы курулуп жаткан имараты менен анын чатырындагы 6 боз үй күйгөн (сүрөт)

18-сентябрга караган түнү "Супара" этнокомплексинде өрт чыккан. Аталган эс алуучу жайдын өкүлү Бакытбек Самаковдун SUPER.KG'ге кабарлашынча, этнокомплекстин жаңы курулуп жаткан имараты, анын чатырына курулган 6 боз үй жана жанындагы ашкана күйгөн. Азырынча чыгымдын көлөмү такталып жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, өрт түнкү саат 2лер чамасында ашканадан чыгып, 2:05те Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат беришкен.

"Өрт саат 2 чамаларында ашканадан чыккан. Жалындаган от жаңы курулуп жаткан имаратка жайылып кетип, анын кесепетинен имараттын сырты жана анын чатырына курулган 6 боз үй күйгөн. Имараттын 60 пайызы бүтүп, пайдаланууга бериле элек болчу. Азыр канча чыгым болгону такталып жатат. Бирок бул өрт биздин ишибизге тоскоолдук жаратпайт. Конокторду мурдагыдай эле кабыл алабыз", - деди Самаков.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тартылган күчтөрдүн жардамында саат 03:24тө өрт чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоо этнокомплекстин жалпы 1000 чарчы метр аянтын жалмаган.

"Супарада" өрт чыкты. Эс алуучу жайдын кырсыктан кийинки бийиктен көрүнүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fortuna1987
2018-09-18 13:10:05
Соке келгенден бери орттонуп бутпой койдук го. Супер инфо жыл башынан бери Кыргызстандагы орттонгон жерлердин тизмегин чыгарсанар да, оозубузду ачалы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан