Ич кийимчен клипке тартылып, коомдо кызуу талкууга түшкөн Зереге жазылган коркутуулар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Ич кийимчен клипке тартылып, "Кыз" аттуу чыгармасы менен кызуу талкууну жараткан Зереге коркутуу иретинде билдирүүлөр келген. Бир нече күндөн бери кыздар өз каалаганын жасоого укуктуу экендигин ырдап чыккан кыздын интернеттеги жеке баракчасына ар түрдүү коркутуулар менен коштолгон каттар келген.

Бүгүн ырдын автору ал коркутуулар жазылган билдирүүлөрдүн скриншотун интернет баракчасына жарыялады. Анда "Эгер ошол видеоңду жок кылып, кыргыз элинен кечирим сурабасаң, жакында өлтүрүп кетебиз. Биринчи жана акыркы жолу болсун", "Мен кубаныч менен аларга кошулам жана сенин башыңды кесем!" - деп жазылган.

Бишкек ШИИББинин басма сөз өкүлү Нурлан Кайназаров бул тууралуу SUPER.KG'ге буларды айтып берди.

"Билдирүүлөр боюнча бүгүн иликтөө иштери башталды. Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилет", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
Manas0911
2018-09-18 22:50:42
Силердин айынардан коомубуз бузулуп атат ХХХХХХХХХ
+8
admin_superstan
2018-09-19 10:29:17
Manas0911, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
0
sabirdinovich
2018-09-18 22:58:00
Кайран кыргыз, каякка баратабыз?
+11
Matahara1980
2018-09-18 23:02:51
Зереден улгу алгыла кыздар озунорго тын болосунар, кор болбой
-11
Ka2sr1
2018-09-18 23:15:25
Клиптеги кок купальник кийген кыз зынк экен да. Кыздар озунорго тын болгула. Бироолордун астында басынбай. Коментарийлер айтыла берет. Конул буруп керекги жок. Ар кимдин жащоосу озунун колунда.
-11
raykray
2018-09-18 23:55:52
Мындайга кыйын тергоо жургузуп коеттор!!! Кордунорбу Дагестандын эркектери Кридди жа Елджейди эмне кылдылар!!! Кыздар мынчалыкка барбаш керек уялганан элине жерине куйгондон намыстангандан жазышты!!!
+8
i1urp
2018-09-19 00:50:07
Клип сонун болуптур. Кечке эле Европанын купалникчен кыздарына суктана бербей, озубуздун кыздарга да суктанып коюп туралык эркектер. Кыздарды басмырлабай кичине комплемент кылып коелучу урматтуу эркектер. Эркекпиз го кантсе да. Ажылдап аялдардан жаман болуп кеттик.
-2
Frunze2
2018-09-19 01:11:49
Педагог агайыбыз туштон кийин башын кармап, милицияга чуркаптыр да.

Бул арсыз клипти элге жарыялоодон мурун акыбетин ойлонуу керек эле. Ал гана эмес, тарбияны тээ илгертен ондош керек эле. Башкаларды тарбияга чакырган ата, оз кызына туура тарбия бере албаганы мени окундурду. Ал гана эмес, кызынын позициясын туура деп, копчулукко жаман корунуп да алды.
+3
Frunze2
2018-09-19 01:14:54
Бир ууч тааныштары эле колдоп-кубаттап жатат, копчулук эл нааразы, бирок ата-кызы эл деп колдоо корсоткон бир ууч тааныш-билиштерин ойлойт окшойт. Болбосо клипти коргон копчулук терс пикир, сындарын айтууда.

Ошол сын айткандардын баарын ашынган диний фанат, улутчул, эскичил, акыры барып туркойго чыгарып жатат. Бул педагогго жарашаар соз болдубу?!

Корсо чыныгы педагог кооз суйлогон адам эмес, туура тпрбия берген адам экен, Макаренкого окшогон...
+4
Frunze2
2018-09-19 01:18:41
Эми, атасы инстаграмдагы 2 окурманды бетине кармап, арыз жазуу учун милицияга чуркаптыр. Бирок коркутуу бир эле инстаграмда орун алса кана? [moderated]да журот, башка соц.тармактарда да болсо керек. Эгер 100 адамдан коркутуу тушсо, 100 адамдын баарын каматат бекен? Каматты да дейли, анык очошуу ошондо башталсачы?

Эгер бири чындап жамандык каалап олтуром десе, атасы да, милиция да кызды коргоп кала албайт. Бул болгону коркутууларга коркутуу менен жооп берейин дегени го...
+3
aya88
2018-09-19 08:11:59
3-4 бала торогучо куйоосунон таяк жеп, ата энесинен бар чыдап жаша, биз деле ушинтип жашаганбыз дегенлерге арналгандай. Эл эмне дейт куйоодон чыгып келиптир деп айткандарга арналгандай. Ата эне кыздарын кор кылбай ут токмоко чыдап жаша дебей, кыздарыбызды озун сыйлап, кор кылбаганга тарбия берсек. Бул ыр ошондой проблеманы которуп чыккан, эл байкаш учун экстим кылып чыкты. Жон эле ырдап койсо эч ким конул бурмак эмес.
-2
Snikers18
2018-09-19 09:44:01
Ибрагим Жунусов маданият министри болуп турганда, ушуга окшогон жылаңач баатыр болуп алып ырдаганга ырчыларга тыйуу салган болчу!!!
Батышты туурабай, Кыргыздын маданиятын туура сактайлы, айланайын бир туугандарым!
+2
dymak
2018-09-19 10:49:08
Зере ХХХХ ХХХХХ Ыр чыгарса да кеңешип,элдин менталитетин эске алуу керек да,асмандан түшө калгансыбай ата-эне ни угуш керек.
0
Snikers18
2018-09-19 11:02:35
dymak, Ыйман болбой, уят болбойт адамда!!! Биз кыргыз эли муундан- муунга берилип келе жаткан ички маданиятыбыз болгон- кийимди кийүү адебибизди да ыйык сакташыбыз керек боорлорум.
+2
March26
2018-09-19 11:11:36
Негизи туура эмес тартылган клип уят та кантсе да мусулман калк эмеспизби уй булоон менен кечки тамакка олтурсан бала чака ата эне дегендей бул биздин Сулуубуз ырдап чыкса экрандан балдарга кандай таасирин тийгизет?жоок клипти жок кылыш керек бул биздин менталитетке туура келбейт уялып олосун го ата энендин жанында
+4
AKCAHAT
2018-09-19 13:32:32
Патриархаттарга сокку болду)))) аял киши 2кадам артта болуш керек деп конгон системанын бир жеринен тутун чуалды))) акыркы 4-5айдын астында эле Суперден канчалаган аялдар кордук коруп чыгышты олум мн аяктаганы да бар. Кичинекей бобок кыздарчы зордолгон. Буларга коз жумулуп кете берет. А 2 3 кыз шортачан басса элдин баары бузукуга чыгып кетет экен. Феминизм да болуш керек качанга чейин ур токмок, зордук кордук, басынтуу мн жашайсынар.Илгерки заманды айтпагылачы 100ж мурунку чон энелерди
-2
AKCAHAT
2018-09-19 13:41:12
мынтишкен антишкен деп,100ж чон аталарыбыз дагы азыркы кыргыз жигиттеринен асман мн жердей айырмаланган.Алар чыныгы намыска бек эркек деген атты булгабан, курч откур, коомдо жакшы семьянин болушкан.Уялсанар пейлинерди ондогула,коомдо болобу,форумда болобу оз ордунарды жоготтунар.Силерден аялдар ийменбей,тоготпой калды себеби сыйга татыктсыз,алсыз,иш жузундо эмес только тили узарып кеткен аялтуспол нечто болуп калганынарды озунор билбей калдынар)Жон эле бала тороп алуучу роботтор
-2
serikaya
2018-09-19 18:22:17
Аялдар и так эле эркектер менен тен укуктуу болуп , эркектерден кем калбай иштеп уй булосун багып калбадыбы , коркутуу туура эмес, бул кыздын жыланачтанып эле чыгып алганы болбосо туура эле ырдап чыккан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан