Талас облусунда 25 жаштагы келин белгисиз жаран тарабынан бычакталып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-сентябрда болгон.
"Милиция кызматкерлерине каза болгон келиндин апасы кайрылган. Анын айтымында, кызын өзүнүн үйүнөн белгисиз жаран бычактап, ал алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Маркумдун үч баласы бар. Учурда бул кылмышка бир адам шектелүүдө. Бирок иликтөө иштери жаңы гана башталгандыктан дагы көп жагдайлар текшерилиши керек", - деди маалымат катчы.
Маалыматта белгиленгендей, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.