Бишкекте мурутчан агайдын образы менен белгилүү Нурсултан Курсанали уулунун үлпөт тою болуп өттү

Бүгүн, 17-октябрда "Жарайт сити" долбоорунда ак көңүл мурутчан агайдын образы аркылуу жылдызы жанган Нурсултан Курсанали уулунун үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде болуп өттү.

Үлпөт тойго эки жаштын жакындары, шоу бизнес өкүлдөрү, "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлорунун жигиттери барып, тойду шаңга бөлөштү. Продюсер Асхат Табалдиев өкүл ата болуп шайланды. Ал эми тамадалык милдетти Чыңгыз Мырзаев менен Актан Рыскелдиев аркалады.

Толкунданган Нурсултан буларга токтолду. "Тамаша жаратуучу сүрдөнөт деп такыр ойлогон эмесмин. Бүгүн өзгөчө сезимдер болуп, толкунданып жатканым көрүнүп турса керек. Үйдүн улуусу болгондуктан, ата-энем бул күндү көптөн бери күтүп жүрүшкөн. Бүгүн Курсаналиевдердин үй-бүлөсүндө чоң майрам", - деди Курсанали уулу.

Эске салсак, келин Диананын кыз узатуу тою 15-октябрда Казакстандын Талгар шаарында өткөн. Диана өзү ордолуу Оштун кызы, бирок Казакстанда билим алып, ошол жакта чоңойгон.

Аталган тойдон жасалган видеорепортажды Super TV'дан көрө аласыздар.

“Жарайт ситиде” алгачкы #Жарайт_той. “Мурутчан агай” бойдокчулук менен коштошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suzak12
2018-10-18 01:18:38
Мирбек да жытчыкан жерден калбай калганбы дейм
0
Alia82
2018-10-18 08:41:25
Бактылуу болгула!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан