Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын туугандары изделүүдө. Ал башынан алган жаракатынан улам эс-тутуму начарлап кеткен. Эгерде жакындары табылбаса кымбат дарыларды саюу токтотула турганын SUPER.KG'ге аталган ооруканада иштеген Элмира аттуу Кыргыз жараны кабарлады.
Анын айтымында, сүрөттөгү адамдын аты-жөнү белгисиз жана эки жарым айдан бери дарыланып жатат.
"Мен ушул ооруканада иштейм. Нейрохирургия бөлүмүндө иштеген кыргыз кыздар бул окуя тууралуу көп айтышчу. Ал ооруканада эки жарым айдан бери дарыланып жатат. Башынан оор жаракат алгандыктан эс-тутуму начарлаган. Аты-жөнү ким экенин, кайсы жактан, эмне болуп келгени да эсинде жок. Учурда моюнунан түтүк чыгарылган абалда жатат, ошол түтүк аркылуу дем алат. Сүйлөй албайт, бир нерсени түшүндүргүсү келет, бирок алы келбейт. Бир жолу Талас облусунан экенин жана 1 баласы бар экенин айткан экен. Бирок кийин аны да эстей албай калган. Ага кымбат дары-дармектер колдонулат экен. Учурда дарыгерлер дары берүүнү токтотууну кароодо. Жакынкы убакыт аралыгында туугандары табылбаса, ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн", - деди оорукана кызматкери.