Бүгүн күйөрмандарын сүйкүмдүү жүзү жана келбети эле эмес, эки тизгинди бирдей кармоо менен таң калтырган корей ырчысы жана актёру Со Ин Гук 31 жашка чыкты. Ал көпчүлүккө "Махабат жааны" ("Love rain"), "1997-жылга кайтуу" ("Reply 1997"), "Күндүн өкүмдары" ("The Master’s Sun") жана башка тасмалардагы кайталангыс образдары, "Бирге мыктыраак" ("Better together"), "Суранам" ("Please don't..."), "Баары сен үчүн" ("All For You") жана башка ырлары менен белгилүү.
Туулган күнү: 23-октябрь, 1987-жыл
Туулган жери: Ульсан, Түштүк Корея
Кесиби: актёр, ырчы (музыкалык билими бар)
Бою: 180 сантиметр
Салмагы: 76 килограмм
Ал кичинекей кезинде атактуу болуу тууралуу ойлонгон да эмес. Себеби абдан кедей жашагандыктан, таштанды чогултуп күн өткөргөн. 10 жашында атактуу корей ырчысы Ким Чжон Миндин ырдаганын угуп келечекке болгон үмүтү жанган. Ал балалык чагы тууралуу: "Мен апам кыйналган учурда жардам бере албасам да, апам берген тарбиянын мыктылыгынан улам ага жакшы мамиле жасачумун. Апам бизди багуу үчүн таштандыларды кайра иштетүүгө чогултчу. Ал бул жумушун ак эмгек деп баалайт жана бир нече жыл мурун гана таштады. Мен мындан уялбайм, анткени ал менин апам", - деген.
Ырчы 2017-жылы апасына кафе сатып берип, ага апасынын ысымын ыйгарган.
Карьерасы
Талбаган аракеттин натыйжасында сынактардан өтүп, карьерасын ырчылыктан баштаган. 2009-жылы "Superstar K." реалити-шоу берүүсүнө катышып, күйөрмандарын гана таппастан, көпчүлүк продюсер, режиссёрлордун көзүнө түшкөн.
Ушундан тарта тасмага тартылууга сунуштар байма-бай түшүп, алгач 2012-жылы "Махабат жааны" сериалында экинчи пландагы актёрдун образын жаратуу менен дебют жасаган. Ушул эле жылы "1997-жылга кайтуу" сериалында башкы ролду ойногон. Дал ушул дорама аны актёр катары таанытып, атактуулукка бөлөгөн.
Жеке жашоосу
Со Ин Гук 2016-жылдан тарта ырчы Пак Бо Рам менен жылуу мамиледе болуп, кыз-жигит экенин 2017-жылы ачыкташкан. Жылдыздар "Superstar K." реалити-шоусунан таанышып калышкан. Бирок түгөйлөр ушул жылдын май айында сүйлөшпөй калганы белгилүү болгон.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Со Ин Гук сериалда болобу же тасмадабы ар кандай каармандардын ролун тандоодон жана өзүн түрдүү жанрда сынап көрүүдөн чочулабайт. Учурда Түштүк Кореяда ал тартылган "Асмандан түшкөн миллион жылдыз" ("Hundred Million Stars From the Sky") сериалы жүрүп, көрүүчүлөрдүн баасын таап жатат.
23-октябрга карата жылнаама.