"Өкмөт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча расмий сунушту дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке жиберет". Мындай маалыматты SUPER.KG порталына парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов билдирди.
Икрамовдун айтымында, Кочкоровго кошо дагы бир талапкердин сунушу келип түшөрү күтүлүүдө.
Улукбек Кочкоров 1974-жылы туулган. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең буга чейин кызматтан кеткен. Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө жасаган сапарларынан улам кызматтан кетсе, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарындагы учактагы окуясынан улам иштен алынган. Ал эми үчүнчү орун басары Жылдыз Полотова өз каалоосу менен кызматын тапшырган.
Буга чейин "Кыргызстан" фракциясы аталган кызматка 3 талапкерди сунуштаган.