Бишкекте 8 ай мурун жансыз денеси табылган адамдын ким экендиги аныкталбай жатат (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкек ШИИББи 8 ай мурун табылган жансыз дененин ким экендигин аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Ушул жылдын 6-мартында Бөкөнбаев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен жашы 45-50 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылган. Белгисиз адамдын денесине кароо жүргүзүлүп, анда залал келтирилген же кыйноонун белгилери болгон эмес.

Дене табылганда анда кара күрмө, ак түстөгү жемпер, ак-көк түстөгү чатыраш көйнөк, ич кийиминин түсү көк жана бутунда кара байпагы менен көлөч кийип жүргөн.

Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы бар же тааныгандар, туугандарын тааныгандар болсо, Бишкек ШИИББинин Ленин РИИБине же 0559 80 85 80, 0552 10 26 70 жана 0 (312) 35 26 05 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2018-10-25 12:47:46
Көзүн жаап коюшпаптыр
+2
gul-jana2
2018-10-25 12:53:01
Tyty1990, Көзүн жапса туугандары же тааныштары тааныбай калмак. Анда мындай жарыяны чыгарып эмне пайдасы бар? Милиция сураган үчүн таанылсын деп ачышты да.
-2
Mederbek0811
2018-10-25 13:23:37
gul-jana2,козу ачык бойдон калыптыр ошону жумдуруп коюшпаптыр деп жатат.
+5
Fortuna1987
2018-10-25 13:41:31
Эхх, омур! Качандыр бир кезде, кайсыл жактан экени белгисиз, бирок баарыбыз ушинтип жашоодон отобуз. Тубун тушкур дунуйо, кун бутпочудой тырпырап журобуз. Кээде ойлонуп отуруп кылган эмгегин эч нерсеге арзыбай журоктун токтошу менен бутоорун ойлосом, баарына кайыл болуп кетем. Жаткан жери жайлуу болсун, бул атанын, АЛЛАХым бейиштен орун берсин.
+5
Fortuna1987
2018-10-25 13:45:00
Сегиз ай мурун табылганын окуп кызыктай болдум. "Олумдун да татыктуусу бар" деген соз бекер эмес экен да. Баарыбызга бактылуу карылыкты коруу насип отуп, чоборо, кыбыраларыбыздын сыйына татып, керезибизди айтып, Кудайга шугурчулук келтирип коз жумалы.
+8
Benazir08
2018-10-25 14:08:02
Каап бул да биронун атасы, бироонун чон ата таятасы да эээ каап бунун эчкими жок бекен?
0
Jaziko80
2018-10-25 18:57:42
Тооба кылдым. Кудай бей ажал олумдон айтылбай келген кырсыктан сактасын. Курулай дооматтан сактасын Кудай. Байкуш киши. Туугандары табылып калсын эми.
+3
Gulnyr19
2018-10-26 00:44:27
8 айдан бери жок болсо туугандары неге издешпейт. Жаратканым өзү сактасын татыктуу жашап өтөлү бул дүйнөдөн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан