Москва шаарында Кыргыз жараны поезд алдында калып каза болду. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Маалым болгондой, 21 жаштагы Улукбек Садырбай уулу аттуу Кыргыз жаранын Москва шаарынын "Белорусский" вокзалынан 5-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында поезд сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабыркаган жаранды алып кеткен. Бирок ал ооруканага жетпей каза болгон.
"Мекендешибиздин туугандары табылды. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну экени аныкталды. Учурда анын документтерин топтоп эки күн ичинде сөөгүн мекенге жөнөтүүнү пландап жатабыз", - деди Улан Кошматов.