Тармактык комитет Кыргыздын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды

Ибрагим ЖунусовБүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Ибрагим Жунусовдун Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси кызматына дайындоо тууралуу маселе каралды.

Депутаттар талапкерди аталган кызматка бир добуштан колдоп беришти.

Жыйында депутат Руслан Казакбаев Ибрагим Жунусовдун элчилик кызматка тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты. “Ибрагим мырза, сиз Түркия мамлекетине элчи болуп президент Режеп Тайып Эрдоган менен мамилеңиз жакшы болгон үчүн дайындалгансыз. Түрк элине сиздин ырларыңыз жагып, аткарган иштериңизде жакшы жыйынтыктарды бердиңиз”, - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары Казакбаев Жунусовго “эмне себептен Өзбекстандагы элчибиз болууга макулдугуңузду бердиңиз” деп сурады. Жунусов аталган өлкөнү жакшы билгени үчүн макул болгонун билдирди. “Өзбекстан мамлекети менен кошуна болуп жашагандыктан алардын үрп-адатын, тарыхын жакшы билем. Ошондуктан макулдугумду бердим. Ал жердеги көйгөйлөрдү бала кезден баштап билем. Алар менен чогуу чоңойгом”, - деди Жунусов.

Ошондой эле Казакбаев Жунусовду кыргыз эли сагынганын айтып, жаңы обондор, ырлар жаралып жатабы деп сурады. Ибрагим Жунусов "жаңы обондор бар. "Ырдап эле жүрө береби, иштебейби" деген элдин сөзүнөн коркуп жатам" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek_tash
2018-11-13 13:50:26
Красапчик
0
Aitunuk
2018-11-14 00:32:25
Чымчык сойсо да, касапчы сойсун дегендей, эч кандай дипломатиялык билими жок адамдарды элчи кылып дайындоону токтотуу керек. Бүгүнкү күндө Кореядагы элчинин "сюрпризи" эле жетиштүү болчу. Дипакадемияны 50-60 миңден жогору акча төлөп окуп бүткөн адистер, МИДдин эшигине да жолой албай акыры базарчы болуп жүрсө, артисттер "ырлары жагып" жеке мамилелери болгон үчүн элчи болуп отурушат. Түркөйлүк!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан