КҮНСОБОЛ: Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деп собол салды.

ИКРАМОВ: "Автоунаалар өлкөгө кирип жатканда күйүүчү майдын зыяндуулугун азайтуучу жабдыкты алып салышууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргыз өкмөтү экология үчүн тийиштүү иштерди жасабай жатканын айтты.

“Мен да абанын булганганы боюнча өкмөткө тапшырма берген элем. Бирок жооп келген жок. Билинбегени менен автоунаанын түтүнү абаны булгап жатат. Автоунааларда катализатор деген жабдык болот. Ошол күйүүчү майдын зыяндуулугун азайтып турат. Бизге кирип жаткан автоунаалардан ошол нерсени алып коюшууда. Европада катализатор жок болсо, автоунаанын да баасынан жогору көлөмдө айып салынат. Биз да катализаторду текшерүүгө алышыбыз керек. Башка мамлекеттер экология үчүн күрөшүп жатат. Бизде болсо эч кандай чара жок. Техникалык көзөмөл да керек. Эски автоунаалар кырсыкка көп кабылып жатат. Абаны тазалоого Бишкек мэриясы түздөн-түз буйрук чыгарып, тийиштүү мекемелер ишке ашырып, жол коопсуздугун караган орган көзөмөлгө алышы керек. Ошондо тартипке салынмак”, - деди Икрамов.

БЕКЕШЕВ: "Заводдон чыкканына көп жыл болгон автоунааларга салык салышыбыз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ыкмасы коррупцияга гана жол ачат.

“Эски автоунааларга салык салбасак болбойт. Башка мамлекеттерде ушундай эле кадамга барышкан. Бишкекте ЖЭБ сыяктуу от казандар көп. Ошолорду газга же электр энергиясына өткөрүү керек. Заводдон чыкканына көп жыл болгон автоунааларга салык салышыбыз керек. Бирок айдоочулар “байларга боло берет, кедейге эле салык салынат” деп сындап, жаман көрүшү мүмкүн. Бул орчундуу маселе, бирок биз мындай кадамга барышыбыз керек. Европада да ушинтишкен. Бизге көбүнчө эски унаалар келет да. Автоунааларга техникалык кароо тартиби жардам бербейт. Бул ыкма коррупцияга гана жол ачат”, - деди Бекешев.

РУСТАМОВ: "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч деген маалымат жалган"

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов Бишкек шаарындагы абанын булгануусу негизинен автоунаалардын көптүгүнө байланыштуу болуп жатканын билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин Бишкек боюнча көмөк чордондору (подстанция) бар. Ал жактан тийиштүү маалыматтар келип, Кыргыз Республикасы боюнча анализ жүргүзүлөт. Ал эми Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганган деген маалымат туура эмес. Ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, расмий маалымат берилет", - дейт Рустамов.

СТАКЕЕВА: “Көмүр жаккандарды көзөмөлдөй албагандан кийин унаа көйгөйүн жөнгө салышса болмок”

Эколог Бактыгүл Стакеева мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнөн кийин абанын булгангандыгына аз көңүл бурулуп жатат дейт.

“Абанын булганышы тууралуу көйгөй канча айтылганы менен чечилген жок. Былтыр абанын тазалыгын текшере турган жабдууларды Бишкек шаарына орнотконбуз. Буга өкмөт тарабынан реакция болуп, шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында жумушчу топ түзүлгөн. Алардын долбоорду ишке ашыруу планы көп убакыт алат экен. Эки жыл бою коомдук транспортту жакшыртуу керектигин айтып келдик. Коомдук транспорт начар болгону үчүн тургундар ыңгайлуу болсун деп унааларды алышат. Бул абага зыян болуп жатат.

Ал эми 40тан ашык конуштун жашоочулары кышында көмүр жагып, үйүн жылытып жатат. Мисалы, Бишкек ЖЭБи от казандардан чыккан газды фильтрлеп турат. Ал эми жеке турак жай ээлеринде андай мүмкүнчүлүк жок. Өкмөт көмүр жаккан жашоочуларды көзөмөлгө ала албагандан кийин жок дегенде транспортту жөнгө салышса болмок. Жабдуулар туура эмес маалымат көрсөтөт деп ишенбегендер бар. Бирок эртең менен эшикке чыкканда эле абанын булганыч экени билинет. Сапар Исаков жаш болгону үчүнбү, айтор, анын тушунда өкмөт биздин демилгеге тез реакция жасаган эле. Өкмөт алмашкандан кийин бул жааттагы иштер да басаңдап калды”, - деди ал.

ТЕМИРКУЛОВ: "ЖЭБге көмүр жакканды азайтып, электр энергиясына өткөрүү керек"

Экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркулов абанын булгануусуна шаар ичиндеги транспорттун көптүгү жана андан чыккан түтүн терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

"Унааларын түтөтүп жүргөн айдоочуларга кандайдыр бир айып пул салыш керек. Европада жыл сайын автоунаалардын түтүнү текшерилип турат. Эгерде нормадан ашык болсо, айып пул салынат. Кыргыз мамлекети да айдоочуларга айып пул салышы керек. Ошондой эле ЖЭБге көмүр жакканды азайтып, электр энергиясына өткөрүү керек. Бул көйгөйдү чечүү - эң биринчи мамлекеттик уюмдардын милдети. Абаны булгабоо тууралуу мыйзам долбоорлорун киргизип, ошонун алкагында иш алып барышы керек. Ал эми жарандар күзүндө түшкөн жалбырактарды өрттөп жибербей, кайра иштетүүгө жиберүүлөрү зарыл. Мына ошондо гана абанын булгануусунан коргоно алабыз", - деди.

ҮЧКЕМПИРОВ: “Нормадан ашыкча уулуу зат чыгарып жаткан ар бир автоунаа көбүрөөк салык төлөшү керек”

Жарандык активист Мураталы Үчкемпиров Бишкектин абасын тазартуу үчүн жарандардын да жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын билдирди.

“Абанын булганышына автоунаалардын көбөйгөнү, жылуулук станцияларынын көмүр менен иштеши себеп болду. Ар бир айдоочу автоунаасынын күйүүчү майды таза жана толук иштетишин көзөмөлдөп турушу керек. Мамлекет жарандарга электр энергиясын күн нурунан, шамалдан, кичи ГЭСтерден алуусуна шарт түзүп, жылуулук системине да пайдаланышы зарыл. Кичи автобустардан, чоң жүк ташуучу унаалардан көп зыяндуу түтүндөр чыгып жатат. Экологиялык көзөмөлдү күчөйтпөсөк болбой калды. Нормадан ашыкча уулуу зат бөлүп чыгарып жаткан ар бир автоунаа көбүрөөк салык төлөшү керек. Өнүккөн өлкөлөрдө электромобилдер, гибриддик системдер колдонулуп, поезддери көмүр менен эмес, электр энергиясы менен иштей баштады. Ошондуктан мегаполистердин абасы Бишкектикине салыштырмалуу таза”, - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан