Ош шаарындагы Масалиев жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилиши таштандылардан арылбай жатканы тууралуу окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган болчу.
"Шаардык "Тазалык" ишканасы аталган көчөлөрдүн кесилишине таштанды салуучу челек коюп койбойт. Андайга шарт болбосо, жок дегенде таштандыны учурунда чыгарып кетип турушса жакшы болмок", - деген окурман.
Ош мэриясынын маалымат кызматы аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги таштанды тууралуу жооп берди.
"Масалиев жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштандылар тазаланды. Жергиликтүү "Тазалык" ишканасы бүгүн ал жакка таштанды таштоочу челектерди орнотот", - деп билдирди маалымат катчы.