Кыргыз актрисалары менен өзбек актёрлору роль жараткан "Делбирим" тасмасынын трейлери чыкты

Кыргыз жана өзбек кинематографисттери биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын трейлери социалдык тармакка чыкты. Аны аталган тасманын продюсери Паризат Жакыпбекова жарыялаган.

"Делбирим" тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган. Анда Ильяздын ролун өзбекстандык актёр Адиз Ражапов, Байтемирдин ролун Улугбек Кадыров жараткан. Ал эми Аселдин образын кыргыз актрисасы, модель Мадина Талипбек ачса, Кадичанын ролун актриса Элина Абай кызы аткарган.

"Делбирим" тасмасы Өзбекстанда көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргыз жергесинде тасма 5-декабрда жабык эшик артында көрсөтүлөт. Тасманын узактыгы 1 саат 40 мүнөт. Тартуу иштери Өзбекстандын Ташкент, Наманган шаарларында жана Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында болгон.

"Делбирим" тасмасынын трейлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AksyKum
2018-11-21 14:44:27
Мага жаккан эң мыкты чыгарма. Ильяз доппу кийгени жүрөгүмдү кадимкидей оорутту. Аттин Аттин.корбойм мен бул кинону. Ильяз менин элесимде ар дайым Байдоботов бойдон калат
+7
kani-esen
2018-11-21 20:12:03
ХХХХХХХ Озубуздун актёрлор менен ойносо деле болот эле да. ХХХХХХХХ бул актриса,депутатпы, модельби, министр болобу барибир ХХХХХХХХХХХ экен да.
-2
admin_superstan
2018-11-22 11:24:26
kani-esen,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
0
Omush94
2018-11-21 21:16:51
Не өзүбүздө кыргыз актёрлору жок бекен а? Көөп нерсе дегим келди бирок унчукпай эле койойун
-1
saza20
2018-11-22 09:53:02
Молодец режиссёр! Эн мыкты актерлор!
0
Alia82
2018-11-22 10:36:40
Мейли биргелешип тарта беришсин озбекпи, кыргызбы не важно, но бул кыргыздар жонундо чыгарма болуп атса неге допу кийет??? Ушул жеринен адашып, алданыпсынар дааа кыргыз тараптын режиссерлору...
0
munduz2016
2018-12-02 09:37:32
Баардык нерсенин оригиналы жакшы..А бул жаңы варианты өзбек президентинин буйругу менен Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата тартылган...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан