Жалал-Абаддагы бала бакчада 3 жаштагы бала менен кызды урган тарбиячы иштен алынды. Ал бала бакчада 5 жылдан бери иштеген

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде кичинекей баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урган тарбиячы жана аны видеого тарткан жардамчысы иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Ырысбек Калчаев маалымдады.

"Интернетке тарап кеткен видео боюнча иликтөө иштери жүрүп, бүгүн тарбиячы менен анын жардамчысы иштен алынды. Тарбиячы бала бакчада 5 жылдан бери иштеп келген, ал эми жардамчысы жумушка киргенине 3 ай болгон. Бала бакчанын жетекчисине сөгүш берилди. Иликтөө иштери аягына чыга элек, эгер анын ээлеген кызматына кайдыгерлик мамиле кылганы аныкталса, ал да ишинен алынат. Тарбиячынын үстүнөн сабалган кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Иликтөөнүн аягында ага укуктук баа берилет", - дейт Калчаев.

Эске салсак, кечээ бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, талкуу жараткан. Кийин милициядан окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада орун алганын билдиришкен. Милицияга арыз менен Дилфуза Д. аттуу шаар тургуну кайрылып, анын 3 жаштагы кызын тарбиячысы урганын билдирген.



Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, ал иштен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulzat85
2018-11-22 14:27:16
Иштен алып эле койбой соттошу керек эле.
+7
Komrad
2018-11-22 15:08:13
Жардамчысын эмнеге иштен алат? По болбосо балким дагы 5 жыл урмак балдарды
+5
Pchelka85
2018-11-22 15:11:32
Озун ушинтип баштан ары чабыш керек. И потяжелее бир нерсе менен. Билип журсун..
+3
Sagyn.91
2018-11-22 15:17:29
Тарбиячы ушундай болсо...
Эмне дээринди деле билбейсин!
Балдардын психологиясына доо кетирип.
+3
Suzak12
2018-11-22 19:50:27
Эшек 5 жылда бул канча деген балдарды урду экен ушуга окшогондорду закон боюнча камаганда башкаларга да улгу болмок видео камера койуш керек каалаган убакта карап корсон боло турган кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан