"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкектеги эки унаа катышкан кырсыкта ичиндегилер бүктөлүп калган унаага кыпчылып калышкан

Бүгүн, 28-ноябрда саат 8:50лөр чамасында Бишкек шаарындагы Дооронбек Садырбаев көчөсүндө Жигули жана БМВ үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жол кырсыгынан Жигули унаасынын алдыңкы бөлүгү бүктөлүп, ичке кирип кеткен дагы, айдоочуну жана жүргүнчүнү кыпчып калган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар аларды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган 2 адам оор абалда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген", - деп билдирди маалымат кызматы.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде айдоочулар спирт ичимдигин ичпегени аныкталган. Эки унаа тең айып аянтчасына жеткирилип, иш тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, кырсык катталган жерде бурулуш болгондуктан жол тар салынып калганын айтып сүрөт жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан