"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Дэн Сяопин-Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгиси калыбына келтирилди

"ЭЛДИК КАБАРГА" окурман жол белгилери тууралуу кабар жибергенден кийин Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсү менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктү белгилеп көрсөткөн жол белгиси калыбына келтирилди.

Белгинин оңдолгону тууралуу маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы "Тазалык" муниципалдык мекемесинин маалымат кызматкери Жибек Каракеева билдирди.

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык мекемеси кулап калган жол белгисин кечээ, 12-декабрда калыбына келтирди", - деп билдирди Каракеева.

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Бишкектеги "Дордой Моторс" базары тарапта Дэн Сяопин көчөсү менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктү белгилеп көрсөткөн жол белгиси сынып, жерге кулап калган. Андан бери 2 апта өттү, калыбына келтириле элек", - деп билдирүү жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mamiev
2018-12-13 18:27:24
Эмне деген көчөлөр. Кыргызстанда көчөдөн баштап эс алуучу жай спорт маният сарайына чейин бөлөк тилде.Качан Кыргыз тилине көңүл бурула. Жадакалса иш кагазына чейин орусча
+1
asman.81
2018-12-13 23:08:42
Кыргыздын тарыхында чыгаан инсандар турса бул аттарды ким койду.Мэрдин козу каякты карап отуратТарыхыбызды унутканыбыз учун башка улуттар басмырлап атат.Ош менен Бишкектин кочолорунун аттары бул болсо,он жылдан кийин кыргызча аттарды корбой калабыз го!
0
Bars111
2018-12-14 00:34:37
asman.81,Күчүң жетсе койдур башка атты.Башка мамлекеттерде деле бар кыргыздын чыгаан инсандарынын аттары. Тим эле патриот болуп кетесинда.
(ЖК тин трибунасында суйлоп аткансып.)
0
Bars111
2018-12-14 00:29:48
Болот экенго. Ушуну айтырбай эле( супер инфого чыгарбай ) жасап койсонор болмок да.
0
Adilet2014
2018-12-14 23:01:50
эээх кыргызым... мен ойломпун башка мамлекет окшойт деп... кыргызда башка ысым калбай калдыбы көчөгө бере турган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан