15-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында жаңы жылдык балаты майрамынын расмий башталышы болду. Анда жаңы жылдык балаты салтанаттуу азем менен жандырылды.
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев шаар тургундарын кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Салтанат концерттик программа менен уланып, жаштар үчүн дискотека уюштурулду.
"Быйыл мэрия шаар тургундарына эстетикалык рахат тартуулоо максатында шаардагы майрамдык жасалгаларга өзгөчө маани берип жатат. Шаар тарыхындагы эң кооз жана бийик балаты шаарыбыздын борборун кооздоп турат", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.