Грузиянын жаңы президенти Саломе Зурабишвили ант берип, кызматына киришти

Грузияда 28-ноябрда президенттик шайлоонун 2-туру өтүп, добуштардын 59,52 пайыз алуу менен 66 жаштагы Саломе Зурабишвили жеңишке жеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ант берип, кызматына киришти. Ал 16-декабрдагы инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү саясий күчтөрдү бириктирүүгө, НАТО жана Еврошаркет менен кызматташтыкты тереңдетүүгө убада берди.

Ант берүү аземи Телави шаарында өттү. Ага 1 800дөй чет элдик жана жергиликтүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Саломе Зурабишвили 1952-жылы 18-мартта Францияда төрөлүп, 30 жыл ичинде бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүмдөрүндө иштеген. 2003-жылы Франциянын Грузиядагы элчиси болгон. Бир жылдан кийин ал кездеги Грузиянын президенти Михаил Саакашвили аны өлкөнүн тышкы иштер министри кызматына дайындаган, бирок көп өтпөй Зурабишвили кызматтан кетип оппозиция тарапка өткөн. 2010-жылга чейин ал "Грузиянын жолу" оппозициялык партияны жетектеген. Андан соң "грузиялык саясаттан кеттим" деп, БУУнун Ирандагы кырдаалды изилдөө боюнча эксперттик топко кирген. 2016-жылы Грузиянын саясатына кайтып, көз карандысыз депутат катары парламенттик шайлоого катышып, бийликтеги партиянын колдоосу менен парламентке өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан