Орусияда көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 79 адам дайынсыз болууда

Орусиянын Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 79 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 06:00 чамасында Карл Маркс кең көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу үйдө орун алган. Аталган үйдө 111 адам жашап келген. Куткаруучулар тарабынан 19 адам эвакуацияланган. Урандылардын алдынан 3 адам куткаруучулар тарабынан куткарылган. Учурда кырсык катталган жерде издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.

"Бул убакытка чейин 3 адамдын жансыз денеси табылды. 79 адам дайынсыз бойдон калууда. Алар урандылардын алдында болушу мүмкүн. Балким, туугандарыныкына конокко кетишкен. Мүмкүн башка жакта эс алып жүрүшөт. Азырынча көп нерсе белгисиз бойдон калууда", - деп билдирген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Skarlett-Skarlett
2018-12-31 17:18:16
Билинбей келген кырсыктан сакта Аллах!
+18
Helina
2018-12-31 17:56:03
Денени мурашки басатго окуган сайын. Кутуусуз келген кырсыктән Аллах сактасын
+10
alihan2018
2018-12-31 21:46:36
Кудай сактасын кырсыктан Путин сразу келди
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан