31-декабрда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды берүү тууралуу жарлык чыкты. Ага ылайык куудул Абдылда Иманкуловго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылды.
Көп жылдан бери куйкум тамашалары менен элге күлкү тартуулап келген куудулду сыйлыгын куттуктап байланышка чыктык.
"Мен наам бербей койдуңар деп таарынган, наам бердиңер деп кубанган жаштан өтүп калдым. Наам алат элем деп чуркаган дагы эмесмин. Берилбей калгандан көрө, кеч болсо дагы алдым. Угушума караганда, наам президентибиздин жеке өзүнүн буйругу менен берилип жатат. Жарлыкка эми кол коюлду, наамды колубузга 15-январда тапшырса керек", - дейт Абдылда Иманкулов.
Сыйлыкка ээ болгондордун арасында театр жана кино актрисасы Таалайкан Абазова, концертмейстер Саид Бекмуратов, ырчы Канымжан Жаманбаева, манасчы Рысбай Исаков, режиссёр Сакыбек Карабаев, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисти Жумакун Маадемилов, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Кара Молдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти Гүлнара Өмүрзакова бар.
Актриса Таалайкан Абазова наам алгандыгы тууралуу угуп алгач ишенбегенин айтат.
"31-декабрда иним чалып "Эже, сизге Эмгек сиңирген артист" наамын беришиптир деп уктум" деп айтып калды. Мен ишенген жокмун. Себеби ал өзү дагы ишенимсиз айтты. Анан арадан 1 саат өтпөй эле режиссёр Таалайбек Кулмендеев чалып куттуктаганда гана толук ишендим. Мен үчүн күтүүсүз болду. Кечээ Жаңы жылды, мүчөл жылымды белгилеп жана наам берилгени биз үчүн чоң майрам болду. Актёрлор Альбина Имашова менен жолдошу Арнис Кыдырмышевдер дагы чалып куттукташты", - дейт Абазова.