Бүгүн, 7-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтына 200 чакты адам митингге чыгышкан. Алар түрдүү талаптарды айтышкан. Айтымдарында, алардын талаптарынын бири - "Кытайда кыйноого кабылды" делген кыргыз жарандарына карата бийлик аракет көрүшү керек. Мындан тышкары өлкөгө кирген Кытай жарандарына чектөө киргизүү.
16:42. Учурда топтолгондор митингди жөө жүрүш менен улантып, КТРКга багыт алды. SUPER.KG порталы митинг тууралуу маалыматтарды берип турат.
16:50. Учурда топтолгондор Жаш Гвардия бульвары менен бара жатышат. Жүрүш түрдүү кыйкырыктар менен коштолууда.
16:59. Топтолгон элдин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Алардан тартип сакчылары чогулгандарынын себебин тактоодо. Топтолгондордун арасында өспүрүмдөр да бар, милиция кызматкерлери мындай нааразычылык митингдерине жашы жете элек балдарды аралаштырбоону айтты.
17:07. Нааразы болгон эл КТРКнын алдына жетип токтошту. Катышуучулардын бири талаптарды тизмектеп, кол топтоп бийликке кат аркылуу жөнөтүүнү сунуштады.
17:19. Нааразычылык митингине чыккандар КТРК аркылуу пикирин айтууну талап кыла турганын айтышууда.
Алардын талаптары: Кытайдагы Кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз жарандык алган кытай жарандарын депортациялоо, КТРК митингге чыккандардын талаптарын так, толугу менен бийликке жеткирүү, Кыргыз жерине келген Кытай жарандарына чектөө киргизүү.
17:22. Коопсуздукту коргогон кызматкерлердин саны 30га жетти.
17:40. Митингчилер менен жолугуу үчүн КТРКнын жетекчиси чыкты. Учурда эки тарап эфир тууралуу сүйлөшүүдө. Илим Карыпбеков КТРКнын эрежелерине ылайык, азыркы учурда аларды түз эфирге чыгара албай турганын айтты. Бирок митингдин катышуучуларынын үнүн жаңылыктар берүүсү аркылуу бийликке жеткирүүгө убада берди.
17:45. КТРКнын алдына топтолгондор бүгүнкү талаптарына бийлик тараптан жооп болбосо кайрадан 17-январда топтоло турганын айтышып тарап кетишти.