Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып, өлүү жеткирилди делген 2 жаштагы наристенин атасы аны жерге берүү үчүн Орусиядан учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ош шаардык Социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG'ге билдирди.
Раеванын айтымында, баланын жансыз денесин атасы төрөлүп-өскөн Жала-Абад облусундагы айылдардын бирине алып кетишкен.
"Окуяны уккандан кийин дароо эле биздин кызматкерлер баланы өлтүрдү делген келин жашаган үйгө бардык. Ал жерде дагы 5 бала бар экен. Төртөө ошол келиндин балдары, дагы бирөө сабалып каза болгон наристенин бир тууганы. Кароосуз отурушкандыктан туугандарына айтып, шаардагы "Боорукерлик" реабилитациялык борборго алып келдик. Бүгүн эртең менен кылмышка шектелген келиндин күйөөсү, атасы келди. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдарды кайтарып бердик.
Ал эми каза болуп калган баланын атасы 27 жашта. Аялы менен ажырашып кетип, 5 жана 2 жаштагы балдарын агасы менен жеңесине таштап Орусияга иштегени кеткен. Баланын апасы тууралуу азырынча маалыматтар жок", - деди Раева.
Буга чейин каза болгон 2 жаштагы наристе тарбияланган үй-бүлөнүн турмуш шарты начар экендиги, шектүү келин базарда алма сатып иштесе, күйөөсү араба түртүп тиричилик кылышканы маалымдалган.
Окуя тууралуу айта кетсек, 10-январь күнү Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып 2 жаштагы наристе келип түшкөн. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы келин аны шымына сийип койгону үчүн тарбиялоо иретинде уруп койгонун айткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин 2 айга камакка алынды.