Митингде эл арасынан шайланып Жогорку Кеңешке кеткен 5 адам төрага Дастанбек Жумабековго жолугары айтылды

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг уланып жатат.

Митингге катышкандардын бешөө буга чейин бийлик өкүлдөрүнө жолугуу үчүн кетишкен. Учурда эл аларды аянттан кетпей күтүп турушат.

Митингдин катышуучусу Жыргалбек Сагындыковдун айтымында, 5 адам Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кирип кетишти.

"Төрага 5 адамды кабыл ала турганын билдирди. Азыр ал адамдар атайын уруксат кагазын алып кирип кетишти. Төрагага жолуккан соң талаптар боюнча жоопту келип беришет, - деди Сагындыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан