Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин эки комитети жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угуп жатат.
Анда депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келиши керектигин айтты. Депутат эмне себептен жыйынга премьер-министр өзү келбегенин сурады.
Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков премьер-министр ооруп жатканын билдирди.
Ал учурда депутаттар кечээ Абылгазиев оорубай эле, футбол көрүп отурганын айтышты.
Жеңиш Разаков тарабынан бул боюнча жооп болгон. Депутаттар мындай маселе каралып жатканда жетекчилер орун басарларын жибербей, өздөрү келиши зарыл экенин билдиришти.
Өкмөттүн басма сөз кызматы "премьер-министр, вице-премьер-министрлер Кыргыз-БАЭ футбол боюнча беттешин көрүп жатат" деп жогорудагы сүрөттү жарыялашкан.