Депутат Рыскелди Момбеков: "Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат"

8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген соболуна депутат Рыскелди Момбеков жооп берди.

Эл өкүлү билдиргендей, премьер-министрликке экономиканы кыйын билген киши керек.

"Тигил же бул адам татыктуу деп айта албайм. Эгерде кайсы бир адамдардын талапкерлиги каралса бул киши жарайт, тиги жарабайт деп айтмакмын. Депутаттардын, өкмөттүн, президенттик аппараттын, оппозициянын ичинен талапкерлерди караса болот.

Кызматы так, жүрөгү ак адам премьер-министр болсо өкмөттүн иши алга жылат. Ошондой эле өкмөт башчынын эрки бекем болушу кажет. Бул кызматка тартипти катуу кармай алган бош эмес, жоош эмес адам келүүсү шарт. Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат. Тартип болгон жерде ийгилик болот. Өкмөт башчы экономиканы кыйын билиши зарыл", - дейт Момбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан