Жалал-Абадда колуна чынжыр салынып жүргөн өспүрүм кыз 6 айында таштап кеткен атасын издөө үчүн үйүнөн качып чыкканы айтылды

Бүгүн, 19-февралда Жалал-Абад шаарында колуна чынжыр салынып, бут кийимсиз жүргөн өспүрүм кыз балдар үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубаев кабарлады.

Анын айтымында, кыз 6 айында таштап кеткен атасын издөө үчүн үйүнөн качып чыккан.

"Жалал-Абад шаарындагы автобекетте колуна чынжыр байланган өспүрүм кыз жүргөндүгү боюнча милицияга маалымат түшкөн. Милиция айтылган жерге барып ал кыздын курбусу менен жүргөн жеринен таап, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин шаардагы бөлүмүнө өткөрүп берди. Териштирүү учурунда кыз 6 айлык кезинде эле ата-энеси ажырашып кеткени белгилүү болду. Ошондон бери кыз атасын көрбөптүр. Айрым учурда апасы урушуп койгондо "атама барам" дечү экен. Мунусунда да таарынып калгандыктан "атама барам" деп үйдөн качып чыгыптыр. Кыздын акыл-эси жакшы, шаардагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Окуя "үй-бүлөлүк зомбулук" фактысы катары катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Турдубаев.

Маалым болгондой, кыздын апасы пол жууп иштеп, турмуш шарты начар болгон.

Жалал-Абадда колуна чынжыр салынып, жылаңайлак жүргөн өспүрүм кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shekeev969798
2019-02-19 21:27:06
Э бул чон эле кызго озу эле бацлап алса керек
-2
madina.87
2019-02-20 01:29:48
Shekeev969798,өзү байлап жинди болдубу,апасы
үйдөн чыгарбай зомбулук көрсөтөт окшойт. Күндө
бир жанылык укпасак болбой калды окшойт. Тооба кылдым
0
katerina.li
2019-02-20 09:20:14
Килейген чынжыр байлап коюптурго капырай.
0
Begimay.emir1
2019-02-20 10:13:48
Тарткан адам кандай ой мн интернетке жуктоду экен,? Чын бышыгын билбей туруп. Бала да по кандай ката кылышы мумкун.
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-20 12:08:55
Апасын да какшаткан да,переходный возростто.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан