"КТРКнын журналисти пара талап кылып кармалды" деген маалымат тарады. Мекеме муну четке кагууда

"КТРКдагы "Ала-Тоо 24” телеканалынын журналисти бала бакчанын директорунан акча талап кылып кармалды" деген маалымат социалдык тармактарга тарап кетти. Бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур мындай факт катталбагандыгын билдирди.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында КТРКнын журналисти акча талап кылган факт катталган эмес", - деди Пискур.

Ал эми "Ала-Тоо 24” телеканалынын башкы продюсери Мирбек Молдакунов маалыматты окуп таң калып, тиешелүү мекемелерге кайрылганын айтат.

"Эртең менен социалдык тармакта тараган бул билдирүүнү окуп алып аябай таң калдым. Кызматкерлерибиздин баары жумуш ордуларында иштеп жатат. Аймактагы кабарчылар менен да байланышып, мындай нерсе болбогонун аныктадык.

Тиешелүү мекемелерге кайрылып, ал жактарда да бул тууралуу эч кандай маалымат жок экенин билдик. Юристтер менен кеңешип, учурда жалган маалымат тараткан адамдын аты-жөнүн, ал маалыматты кандай максатта таратып жатканын аныктоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө", - деди Молдакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nursbaike
2019-02-20 14:22:49
Бирок бар да о оздорунчо тв кайгуулду алып барган журналисттер эки жуздууу акча алып кое бергендерин билем Анан акчасы жокторго честный болуп чыга келишет . Кичине мумкунчулук болгондо кармап турмого тыгып мурдунан суу агызмакмын жан деп
+4
Jelezo
2019-02-20 14:35:25
Акча талап кылган журналистер жок эмес Адилет деп ат коюп алып акча талап кылышчуу бир кезде.
0
katerina.li
2019-02-20 14:57:41
Дыма без огня не бывает
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан