Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тууралуу сындарды айтты.
"Мен былтыр 31-мартта съездде, маалымат жыйында "Соке, эгерде коррупция менен күрөшөм десең "Раим миллиондой" досуң болбош керек, эгерде Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырбаса, анда үй-бүлөлүк режим орнойт" деп айткам. Парламенттеги депутаттын баары Асылбек Жээнбековдун көзүн карап калат дегем. Бүгүн бир жыл мурун айткандай болду. Депутат Рыскелди Момбеков "түкүрүк өкмөт" деп айтып жатпайбы. Парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек Жээнбеков "чимкиргиле" десе чимкиришет, "тарткыла" десе тартып алышат. Соке, аягында сөз сага тиет деп айткам", - дейт Атамбаев.