Бүгүн, 29-мартта социалдык түйүндөрдө президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыкты.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдиргендей, бул боюнча расмий түрдө эч кандай билдирүүлөр келген жок. "Фарид Ниязов суракка дагы чакырылган жок. Бирок бизге бир-эки күн мурда өздүк булактардан Апрель окуясынан жабыр тарткан бир адамды Фарид Ниязовдун атына арыз жазганга мажбурлап жатканы боюнча маалымат жеткен. Бул боюнча учурда Фарид Ниязов билдирүү даярдап жатат", - дейт ал.
Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ниязовго кылмыш иши козголгон-козголбогону тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.