Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөн соң ооруканага жатып калышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кабарлады. Анын айтымында, дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкен.
"Биздин буйрукка ылайык, 11 жана 16 жаштагы балдар мектептен кептөөр жана селеймеге каршы эмдөөдөн өтүшөт. Бүгүн пландын негизинде №3 мектептин 5-классында окуган окуучулар эмдөөдөн өткөн. Бирок саат 16:30 чамаларында 5-б класстын эмдөөдөн өткөн окуучулары ооруканага кайрылганы боюнча маалымат келип түштү. Бул жерде дарыгерлер катачылыкка жол беришкен. Эгерде вакцинадан катачылык кеткен болсо, бардык балдар ооруп калышмак. Бизге берилген маалыматка караганда, дарыгерлер ошол 5-б класстын балдарын бир класска киргизип алып эмдөөдөн өткөргөн. Ошол учурда балдар бири-бирин көрүп коркуп кетишкен. Жыйынтыгында бир окуучунун кан басымы 140ка чыгып кетсе, бир кыздын талмасы кармап калыптыр. Азыр балдар ооруканага жеткирилди. Эртең үйлөрүнө чыгарылат", - деди Ишенапысова.
Ишенапысова кошумчалагандай, дарыгерлердин катачылыгына байланыштуу комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталды.