Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин улуу кызы Саида Мирзийоева өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал 12-апрелде дайындалган. Агенттик кеңейтилген курамынын жаңы жамаатын тааныштырган. Алардын арасында президенттин кызы да болгон.
Белгилүү болгондой, президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзийоева мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт.