КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов уранды иштетүүгө каршы митингде экс-депутат Равшан Жээнбековго чагымчыл аракет жасагандар боюнча ИИМге кат жөнөтөрүн айтты.
"Уранды казууга каршы митингде уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбековго карата чагымчыл иш аракеттер болду. Ага орой мамиле жасаган адам, Азиза Абдырасулованын маалыматы боюнча ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкери экен. Мындай бейбаштык жана кызматынан аша чапкандык кылып, митингдин уюштуруучуларынын арасында бөлүп жаруу максатында укук коргоо органдары ошондой кадамга барып жатканына байланыштуу ИИМге кат жөнөтөм. Анын ИИМ кызматкери экени такталса, кызматтан алынышын, ага буйрук берген 10-башкармалыктын жетекчисине да чара көрүлүшүн талап кылабыз. Андан тышкары министр Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчилигин караш керек деген ойдомун. Элери Битикчи жана Улан Үсөйүн микрофон талашкан жарандын уюштуруучуларга тиешеси жок экенин айтышты. Анын сырттан келген чагымчы экени көрүнүп турат. Ал жерде түшүнбөстүк болуп кеткенин көрүп туруп, ого бетер курчутуп, Равшан Жээнбековго карата орой мамиле жасады. Бир гана ал эмес, башка адамдар дагы курчап калганын көрдүк", - деди Адил Турдукулов.
26-апрелде Бишкектеги Ак Үйдүн алдында Ысык-Көл облусундагы "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршы митинг өттү. Ага активисттер, коомдук ишмерлер катышты.
Митингдин алып баруучусу Улан Үсөйүн экс-депутат Равшан Жээнбековго сөз бербей, ортосунда микрофонду талашуу орун алды. Кийин Жээнбеков журналисттерге эмнеге ага сөз берилбегенин өзү түшүнбөй калганын айтып, "Башка күчтөр келип, сүйлөтпөөгө аракет кылды", - деди.