Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг өтөт. Биринчи Май райондук башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында башка иш-чаралар өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырган.
"Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаев SUPER.KG порталына билдиргендей, тыюу салынганына карабастан "Ала-Тоо" аянтында митинг өтөт. "Биздин конституциялык укугубуз тебеленип жатат" дейт ал.
Алар уран казууга биротоло тыюу салууну талап кылып жатышат.