Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштуруп жаткан "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Ал шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтерине, алардын өзгөрүүсүнө жана жаңы шайлоо системин курууга мүмкүнчүлүк береби деген суроого жооп издөөгө арналат.
Тегерек столго шайлоо маселесине тиешелүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, партия өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коом чакырылды. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация жасашты.
11:15. Депутат Исхак Масалиев: "Депутаттарды эл шайлайт" деген конституциялык принцип бар. Бирок тизме менен шайлап жатабыз. Фракция лидери тизмени өзү каалагандай түзүп жатат. Ошон үчүн шайлоого арналган бир топ мыйзам долбоорлору иштелип чыкты".
11:20. Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Шайлоочулардын санына ылайык Кыргыз өлкөсүн 13 шайлоо аймагына бөлөлү деп жатабыз. 13-аймак - сыртта жүргөн Кыргыз жарандары".
11:30. Коомдук ишмер Калича Өмүралиева: "Мен партиялык системге каршымын. Элдин депутаты болгум келет".
11:35. Депутат Исхак Масалиев: "Шайлоого 60-70 пайыз эл барбай калды. Көбүнчө партиялардын тарапташтары эле катышат".
11:45. Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов: "Шайлоодо 120 талапкердин тизмесин берсең, жаран анын ичинен тууганын издеп табат да, добуш берет. Айрымдар алардын баарынын программасы менен кантип таанышат? Ал эми партия болгондо аларды таануу жөнөкөйүрөөк болот".
12:35. Экс-депутат Ишенбай Кадырбеков: "Шайлоодо бюллетендин узундугун 5-6 метр кылыш керек болсо, боло берсин. Шайлоочуну ал кызыктырбайт".
12:50. Эксперт: "Эгер шайлоочуларды 9 аймакка бөлсөк, аймактык лидерлер парламентке келип, өздөрүнүн маселелерин гана чечкенге аракет кылышат. Парламенттин сапаты андан бетер начарлайт".
13:00. Саясат таануучу Зайнидин Курманов: "Парламент президентти жеңген учурлар аз болгон. Ачык партиялык тизме кылыш керек. Парламентке элдин коргоочулары келет. Азыр андайлар аз".
13:05. Коомдук ишмер Төрөхан Жунусбеков: "Үгүттөөдө акчаларды чачууну токтотуш керек. Административдик ресурс колдонулбаш керек".
13:20. Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Эски эрежелер менен шайлоого бара албайбыз. Жаңы реформалар керек".
13:30. Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Шайлоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо бийликтин пикири белгилүү болот".
Парламенттик шайлоого арналган тегерек стол (1-бөлүк)
Парламенттик шайлоого арналган тегерек стол (2-бөлүк)