Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жооп берди.
Анын айтымында, парламенттин VI чакырылышы "мыйзам алдында баары бирдей" деген тарыхый чечимди кабыл алды.
"Учурдагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө орто баа берем, себеби өтө жаман да, өтө жакшы да иштеген жок. Аракеттерди жасап жатат. Баары депутаттардын колунда эмес. Парламент бир топ жакшы иштерди жасады. Мисалы, ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия абдан жакшы иштеп берди. Экс-президенттин кол тийбестигин алып, "бардыгы мыйзам алдында бирдей" деген өтө тарыхый чечимди кабыл алышты. Ошол эле маалда чоң жана терең реформалардын демилгечиси боло алган жок", - деди Акматалиев.