Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков жооп берди.
Анын пикиринде, акыркы жыл парламент үчүн саясий активдүү болду. "Жылдын биринчи жарымы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган мыйзам актыларын кабыл алууга арналды. Андан соң аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чуу жаратты. Дал ушул маселе менен парламент коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда. Ал эми Атамбаев депутаттар тууралуу кескин сын-пикирлерин айтып, парламенттин ишмердүүлүгүнө кызыгууну жаратты. Калган убакта парламент катардагы иштери менен алек болду", - деди Шестаков.