Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууда шашылып кеттиби деген суроо туулуп жатат". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна экс-депутат Асия Сасыкбаева жооп берди.

"Негизи бул татаал суроо. Себеби бүгүнкү күндө экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууда шашылып кеттиби деген суроо туулуп жатат. Юристтер айткандай, процедуралардын бузулган жерлери бар экен. Бирок негизи бул кадамга барыш керек болчу деген ойдомун.

Себеби өлкөнү башкарганга келген ар бир президент коррупционер болсо, анын кол тийбестигине тийбесе, жаңы келгендери “боло берет турбайбы” деген ойдо калышы мүмкүн. Анын жанындагылар да ал ойду карманып, бул коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзөт. Өлкөнү башкарууда тарых барактарын карай турган болсок, буга чейин канчалаган жерлер берилип, мамлекеттин мүлктөрү сатылып, өлкөдөн ири суммадагы акча-каражаттар чыгарылып кетти. Бирок бүгүнкү күндө ал президенттер чет жакта жыргал жашоо көрүүдө. Бул жагынан караганда туура деген ойдомун", - дейт Сасыкбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан