Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жооп берди.
"Парламентте көрүнүктүү жетишкендик болду деп айтуудан алысмын. Жогорку Кеңештин негизги функциясы жана иши бул мыйзам чыгаруу болуп саналат. Ал жагынан караганда, Жогорку Кеңеш тарабынан жыл сайын 100-120 мыйзамдын тегерегинде кабыл алынат. Бул жаатта Жогорку Кеңештин салымы деле жок, себеби мыйзам долбоорлор көбүнчө өкмөт тарабынан иштелип келет.
Экинчи багытты ала турган болсок, бул парламенттик көзөмөл. Мыйзам жагынан Жогорку Кеңешке чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок ушул күнгө чейин ал мүмкүнчүлүк толук кандуу пайдаланылган жок. Өзгөчө Жогорку Кеңештин регламенти, ага ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө керек болчу. Ал эми чындыгында мыйзамдар кабыл алынды, бирок ошол бойдон көзөмөлдөнгөн жок. Мындан сырткары, парламенттик тергөө деген да жакшы механизм бар. Өзгөчө коомдогу маанилүү окуялар, фактылар болсо парламент алдында комиссиялар түзүлүп иштеши керек. Эгер эң башынан карап чыга турган болсок, жалпысынан 40тан ашык депутаттык комиссия түзүлгөн, бирок алардын натыйжалуулугу болгон жок.
Бул жылы майда-чүйдө саясий маселелер менен гана алектенип келишти. Жогорку Кеңештин акыркы кадамына "жакшы" деген баа берет элем. Бирок ал кадамында кесипкөй адамдар аз экендигинен кабар берип койду. Азыркы парламент жалпылап айтканда, кесипкөйлүк жагынан өтө төмөн деңгээлде", - дейт Сооронкулова.