Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Солтон-Сарыдагы чырдан кытайлык компаниянын 20 кызматкери ооруканага жаткырылды"

Солтон-Сарыдагы чырдан кытайлык компаниянын 20 кызматкери ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар ооруканага 6-августта саат 04:30да түшкөн. "Дарыгерлер билдиргендей, кызматкерлер башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Учурда алардын абалы туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 5-августта чыр уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Жоржи Майнинг" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nuri1
2019-08-06 11:33:07
Атамбаевтин аркасы менен жылдызы жанып кеткен Жээнбеков эч нерсе кыла албаса кетсин да. Туугандарын, куда сөөкторун бийлике топтоп алса эл Жээнбековту көргүсү жок. Эл азыркы Жээнбековко ишенбейт.
+4
Shabi
2019-08-06 11:41:03
И эмне экен 20сы больницага жатса,ботон элдин ботон жердин элинде таш менен чабышып даагы шугур дешсин ошол жерден ошол больницага жаткан 20кытайынды больницагажеткирбей нары комуп салбаганына,эгерде ушул окуя кытайда боло турган болсо,сразу бизикилерди соттоп олум жазасын берип салмак болуш керек.а бизде иии кытайдын 20 кызматкери больницага жатып калыптыр деп жазып жатасынар.а эмнеге кыргыз балдары таш баранга алынганын кандай жаракат алгандарын жазбайсынар?
+11
Bektur2011
2019-08-06 11:42:23
Атамбаев уюштурган тополон болду. Карапайым эл кыйналып жатат
+2
oSporte
2019-08-06 11:50:23
Bektur2011,Ал үйүнөн чыгалбай жатса кантип уюштурмак эле
0
Bektur2011
2019-08-06 12:13:54
oSporte, акчаны Алга Кылычев аркылуу бериптир
+1
Dj.
2019-08-06 12:25:18
Bektur2011, Атамбаев менен Зилалиев онго солго 8000дей лицензия сатканы аныкталгандан кийин эле Окмот бир токтом менен ошол лицензияларды жокко чыгарып койсо болмок, мыйзамсыз берилген деп...

Лицензиянын берилишине Атамбаев куноолуу болсо, элдин толкушуна Жээнбеков куноолуу. Анткени канча убакыттан бери жергиликтуу эл бийликке талап коюп келе жатат, бийлик элди укпай кытайлардын тарабын алып отурат. Ошондуктан Атамбаев менен катар Соке да куноолуу...
0
Dj.
2019-08-06 12:31:54
Bektur2011, мына, Абулгазиев кенешме откоруп кытайлардын тарабын алыптыр, кен казылат деп. Кыргызстанда ошончо кен казылат, ошол алтындар казынага тушкону корунбойт. Анткени бийликтин чонтогуно кетип жатат. Бул жолу да Соке оз чонтогун элден жогору койду. Соке дагы бир жолу оз элин каматууга даяр...
+1
Anti-S
2019-08-06 16:46:37
Dj.,соке азамат алсын. Сен омур бою жашооно нааразы болуп жашай бер )))
0
altyn-kumush
2019-08-06 11:56:35
Мунун баары АШАнын кашасы!
+1
altyn-kumush
2019-08-06 11:57:19
Убагында лицензияны даарат кагаздай тараткан АША менен Зилалиев болот! Бугун анын кунун эл толоп жатат
+1
elchi84
2019-08-06 12:21:31
АША бийликте турганда байкасанар тоо кендин көп жерлери алтын нефть кытайларга берилген 49 жылга ага жепжутарларда күнөөлүү.Канчалаган кыргыз жарандары бөтөн жерде иштеп жүрүшөт а канча деген кытайлар биздин жерде иштеп жүрүшөт ошонун ордуна биздикилер иштесе болбойбу?
+5
nabievich
2019-08-06 19:00:44
АША бүт жакты сатып кетти
+1
Shokoladka94
2019-08-06 23:18:51
Тургула, иштебесе алып ыргыталы, сатып кеткендерди камайлы, бул жакка нааразычылык билдирип жазганыбызды эч ким окубайт! Элдин унун укпайт булар!
+1
O.dembele
2019-08-07 00:37:50
Кытайлар бизди кырып бутмой болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан